16:16
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору пара алууга шектелип кармалды

Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мектептеринин жана балдар чыгармачылык борборлорунун жетекчилеринен мамлекеттик бюджеттен каржылануучу акча каражаттарын мыйзамсыз алууга байланыштуу Эсептөө палатасынын ишиндеги туруктуу коррупциялык схема аныкталды.

«Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору М.Ф.К. Октябрь райондук билим берүү башкармалыгын текшерүү учурунда актыда одоно финансылык мыйзам бузууларды көрсөтүү шылтоосу менен, ошондой эле 2022-жылга карата билим берүү мекемелеринин (19 мектеп жана 3 балдар чыгармачылык борбору) финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзбөгөндүгү үчүн башкармалыктын жетекчилигинен опузалап акча талап кылган. Өз кезегинде Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги инспектордун талаптарын аткаруу максатында аталган райондогу ар бир билим берүү мекемесинен 25 миң сомдон чогулткан», — деп айтылат маалыматта.

УКМК Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору өзүнүн мыйзамсыз аракеттери менен билим берүү мекемелеринин жетекчилерин ар кандай жолдор, шылтоолор менен ата-энелерден акча чогултуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлаганын белгиледи.

Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголду. М.Ф.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК тарабынан Бишкек шаарынын башка райондук билим берүү бөлүмдөрүн жана билим берүү мекемелерин текшерүүдө Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар