18:09
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

2024-жылы Кыргызстанда 100 өнөр жай жана 100 социалдык объект ачылат

2024-жылы Кыргызстанда 100 өнөр жай жана 100 социалдык объект ачылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров электр энергиясын өндүрүүчү жана катуу тиричилик таштандыларын утилизациялоочу экотехнологиялык заводдун курулушуна капсула салуу аземинде билдирди.

Объектилер Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата курулат.

«Быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл толуп, анын алкагында Кыргызстанда 100 ири өнөр жай ишканалары жана 100 социалдык объектилер ачылат. Маселен, Чүй облусунда цемент заводу, жеңил унааларды чыгаруучу кыргыз-өзбек заводу, кафель чыгаруучу завод, тамеки чыгаруучу жана башка ишканалар ачылат», — деди Акылбек Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар