20:26
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстандык мушкерлер мунай өндүрүүчү мамлекеттердин Кубогунда коло алды

Кыргызстандык мушкерлер Нижневартовск шаарында (Россия) өткөн мунай өндүрүүчү мамлекеттердин ХХ Дүйнө кубогунда үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу kyrgyzstanboxing Instagram социалдык тармагында билдирди.

Турнир Социалисттик эмгектин баатыры Фарман Салмановдун элесине арналган.

60 килограммга чейинки салмак ченинде Рысбек Бектенов жарым финалга чыгып, орусиялык Никита Косманга утулуп калды.

75 килограммга чейинки салмак ченинде Султан Асанкул уулу чейрек финалда жеңишке жетип, жарым финалда орусиялык Ильяс Додоржановдон жеңилди.

Жарым финалда 92 килограммга чейинки салмак категориясында кыргызстандык мушкер Ооматбек Элчоро уулу жеңишти Павел Малаховскийге алдырып жиберди.

Белгилей кетсек, 51 килограммга чейинки салмак ченинде Бекзат Эргешов финалга чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар