17:49
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте жүргүнчү коомдук транспорттун контролеруна кол көтөрдү

Бишкекте жүргүнчү коомдук транспорттун контролеруна кол көтөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Эртең менен коомдук транспорттогу кезектеги текшерүү учурунда № 169 автобустагы жүргүнчүлөрдүн бири агрессия көрсөтүп, контролерго оозго алгыс сөздөрдү айта баштаган. Жүргүнчү жол кире акысы тууралуу маалымат берүүдөн баш тарткан», — деп маалымдады мэрия.

Кырдаал сүйлөшүүнүн чегинен чыгып, коомдук транспорттун кызматкерине кол көтөрүүгө жеткен. Жүргүнчү контролерду бетке бир нече жолу уруп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Учурда алган жаракаттарынын оордугу медициналык текшерүүлөр аркылуу аныкталып жатат.

«Тулпар» компаниясынын өкүлүнүн айтымында, укук коргоо органдары кол көтөргөн жаранды издөө жана кармоо боюнча активдүү иш-аракеттерди баштады.

Эң көп окулган жаңылыктар