12:53
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ат-Башыда аткаминер жалган фирма аркылуу 160ка жакын тендерди утуп алган

Ат-Башыда аткаминер жалган фирма аркылуу 160ка жакын тендерди утуп алган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Атайын кызматттын маалыматы боюнча, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталган.

«Нарын облусунун Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.А. 2020-2022-жылдар аралыгында «Мухали инвест» аффилирленген фирмасы аркылуу мыйзамсыз катышып, жалпы суммасы 14 миллион сомго жакын 152 тендерди утуп алгандыгы аныкталган. Т.А. текшерүүнү токтотуу максатында УКМК кызматкерине бир нече жолу акча сунуштаган. Ал 90 миң сом жана 500 доллар өлчөмүндө акча каражатын которуп жаткан жеринен кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө ушул сыяктуу коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар