15:34
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Баткен облусунда экстремисттик материалдарды тараткан жарандар кармалды

Социалдык тармактарда диний экстремисттик жана террористтик уюмдун материалдарын тараткан жарандар кармалды. Бул жөнүндө Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чогултулган материалдарга тийиштүү экспертиза дайындалып, Кыргызстандын аймагында тыюу салынган «Өзбекстан ислам кыймылы» диний экстремисттик жана террористтик уюмуна таандык экени аныкталды.

Кылмыш жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын 32 жаштагы тургуну кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Кармалган жаран 2021-жылы 240-берененин (Террордук ишти каржылоо) негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылганы, ошондой эле анын бир тууган эжеси 2013-жылы Сирия мамлекетине куралдуу согушка кеткени маалым болгон.

Кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Кадамжай районунун 28 жаштагы тургуну кармалды. Ал социалдык тармактарда өлкөдө тыюу салынган «Жамаат Ат-Таухид валь Жихад» террористтик уюмуна таандык материалдарды таратканы аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголуп, соттук кароого жөнөтүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар