17:01
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өлкөдө кызамык оорусунун 6,5 миң учуру катталды

Республикалык иммунопрофилактика борбору маалымдагандай, жыл башынан бери өлкөдө кызамык оорусунун 6 миң 545 учуру катталды.

Мекеме кызамык вирусу өзгөчө Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жайылып жатканын билдирди. Бунун себеби — оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын арасында вирус кеңири жайылып жатат.

 Балдар жана чоңдор арасында кызамык менен кызылчага каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуу — оорулардын көбөйүшүнүн негизги себеби бойдон калууда.

Саламаттык сактоо министрлиги кызамыкка каршы күрөшүү боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүүдө. Кыргызстанда кызамык вирусуна каршы эмдөө өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды, ал Жалал-Абад облусунда өтөт. Эмдөөнү ҮМБ/ҮДТ/ФАПтан жана билим берүү мекемелериндеги убактылуу эмдөө пункттарынан акысыз алууга болот.

Бардык башка облустарда кызамык-паротит-кызылчага (КПК) каршы пландуу эмдөөнүн алкагында кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө иштери күчөтүлдү. Кызылча менен кызамыкка каршы вакцинанын кошумча дозалары келгенине жараша өлкөнүн калган аймактарында да кошумча эмдөө башталат.

Эң көп окулган жаңылыктар