13:44
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Москвадагы кол салуу. Каза болгондордун саны 143 адамга жетти

«Крокус Сити Холлдогу» теракттан каза болгондордун саны 143 адамга, ал эми жабыркагандар 360ка жетти. Бул тууралуу Россиянын Тергөө комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин окуя жериндеги кылмыш ишинин жүрүшүн көзөмөлдөдү.

Тергөөчүлөр жана криминалисттер окуя болгон жерди текшерүүнү улантышууда. Заманбап криминалистикалык каражаттарды колдонуу менен изилдөө жүргүзүлүп, тергөө үчүн маанилүү болгон буюмдар далил катары алынып жатат.

Ошондой эле кол салгандардын пайдалануусунда болгон ар кандай техникалык жабдуулардан алынган маалыматтар иликтенүүдө.

Орусиянын Тергөө комитетине кол салуудан кийин дайынсыз болуп жаткан адамдырдын жакындарынан 143 арыз түшкөн. Учурда 84 адамдын сөөк аныкталды, анын ичинде 9 жаштан 16 жашка чейинки беш баланын жана Кыргызстандын эки жаранынын сөөгү бар. Калгандарынын өздүгүн аныктоо максатында молекулярдык-генетикалык экспертизалар жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, 22-мартта Москванын четиндеги «Крокус Сити Холлдо» теракт болгон. Музыкалык топтун концертине миңдеген адамдар барышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, камуфляж кийген белгисиз төрт адам имаратка кирип, адамдарга туш келди ок чыгарышкан. Бул кол салуу боюнча сегиз шектүү камакка алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар