15:38
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Москвадагы кол салуу. Эки кыргыз жараны каза болгондордун тизмесине кошулду

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Москвадагы «Крокус Сити Холлдо» болгон терактта каза болгондордун жаңыланган тизмесин жарыялады.

Жалпысынан тизмеде 120 адам бар. Алардын арасында Кыргызстандын жарандары Эдита Жусупова менен Маиз Гүлжигит кызынын ысымдары да бар.

Буга чейин социалдык тармактарда кол салуудан кийин Кыргызстандын эки жараны дайынсыз болуп жатканын жазышкан. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги алар изделип жатканын билдирген. Белгилүү болгондой, кыздар «Крокус Сити Холлдогу» кафеде иштешчү.

Тышкы иштер министрлиги «Кыргызстандын эки жаранын каза болду деп айтуу азырынча эрте" экенин маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, «Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтында жарыяланган тизмеде генетикалык экспертизасы аягына чыга элек жарандардын маалыматтары камтылган. ДНК анализинин жыйынтыгы даяр боло элек», — деп жазылган маалыматта.

Эске салсак, 22-мартта Москванын четиндеги «Крокус Сити Холлдо» теракт болгон. Музыкалык топтун концертине миңдеген адамдар барышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, камуфляж кийген белгисиз төрт адам имаратка кирип, адамдарга туш келди ок чыгарышкан. Бул кол салуу боюнча сегиз шектүү камакка алынды.

Орусиянын Тергөө комитетинин алдын ала маалыматы боюнча, 139 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар