19:39
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

УКМК: чет өлкөлүк банкка чыгарылган 1,5 миллион доллар кайтарылды

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү башкармалыгынын кызмат адамдарынын катышуусунда чет өлкөлүк банкка чыгарылган 1 миллион 498 миң 200 доллар (Улуттук банктын курсу боюнча 134 миллион 103 миң 882 сом) кайтарылды. 

УКМК билдиргендей, бул Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында канализациялык-тазалоочу курулманы куруу боюнча долбоорду ишке ашырууну үзгүлтүккө учуратуу коркунучун жараткан. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын натыйжасында Азия өнүктүрүү банкынан алынган насыялар толугу менен кайтарылды жана алар Каракол шаарында канализациялык-тазалоочу курулманын курулушуна жумшалат.

Буга чейин 4-мартта аталган акча каражаттарын банкрот болгон чет өлкөлүк банкка чыгарууга тиешеси бар деген шек менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Х.Ш.К. кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар