05:28
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

УКМК Райымбек Матраимовдун кармалышы боюнча маалымат таратты

УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кармалышы боюнча маалымат таратты.

Мекеменин маалыматы боюнча, УКМК тиешелүү атайын кызматтар менен биргеликте Азербайжандын аймагында Райымбек Матраимовду кармап, Кыргызстанга алып келди. Ошондой эле аны менен бирге бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да кармалды.

«Райымбек Матраимов «мыйзамдагы ууру» аталган Камчыбек Асанбек менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен, мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн», — деп айтылат маалыматта.

Райымбек Матраимовго карата 169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча кылмыш иши жүрүп жатат. Учурда кылмыш ишинин материалдарынын алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Райымбек Матраимов 26-мартта Бакудан Бишкекке алынып келинген. «Анын Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып жаткан Азербайжандан келген трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар экендиги такталды», — деп билдирген УКМК.

Эскерте кетсек, Райымбек Матраимов 2015-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары болуп иштеген. 2020-жылы октябрда ага бажыдагы коррупция боюнча айып тагылган. Бир эле кылмыш иши боюнча келтирилген зыян 2 миллиард сомду түзгөн. Ал аны эки ай бою төлөп, көпчүлүгүн кыймылсыз мүлк түрүндө берген. Райымбек Матраимов күнөөсүн мойнуна алып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 260 миң сом айыпка жыккан. 26-январда УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыялаган.

Эң көп окулган жаңылыктар