09:44
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Акылбек Жапаров дөңгөлөктү кайра иштетүүчү заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токмок шаарындагы «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда завод тесттик режимде иштеп жатат. Заводду толук ишке киргизүү 2024-жылдын аягына пландаштырылган. Ишканада 200гө жакын адам иштейт жана саатына 2 тоннадан ашык эски дөңгөлөктөр кайра иштетилет. Долбоорду ишке ашырууга 19,2 миллион доллар бөлүнгөн.

Өндүрүлгөн продукциялар Кыргызстанда гана сатылбастан, коңшу мамлекеттерге да экспорттолот. Завод жаш балдардын спорт аянтчаларын курууда колдонулуучу продукцияларды да чыгарууну пландаштырууда. Акылбек Жапаров мындай аянтчаларды өлкөдөгү мектептерге жана сейил бактарга орнотуу үчүн буйрутма берүүгө даяр экенин белгиледи.

Белгиленгендей, «Калдыктарды акчага айландыруу» долбоорунун максаты — германиялык технологияны колдонуу менен ар кандай көлөмдөгү дөңгөлөктөрдү кайра калыбына келтирүү, жарактан чыккан дөңгөлөктөрдү алмаштырууга кеткен чыгымдарды азайтуу жана кирешенин жаңы булактарын түзүү аркылуу «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, желим буюмдардан чыккан калдыктардын зыяндуу таасирин азайтуу болуп саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар