01:48
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанга жасалма интеллект тармагындагы орусиялык адистер келет

министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Фото министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Яндекс» бизнес тобунун башкы директору Даниил Шулейко жетектеген делегацияны кабыл алды. Бул жөнүндө министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Акылбек Жапаров өлкөнүн салык мыйзамдары дээрлик бардык бизнести масштабдуу кылууга мүмкүндүк берерин белгилеп, салыктарды ак ниеттүүлүк менен төлөөгө даяр инвесторлорго өнүгүү үчүн мамлекет бардык шарттарды түзүүгө даяр экенин кошумчалады.

Ал ошондой эле учурдагы колдонуудагы тиркемеге айдоочулар үчүн автоматташтырылган салыктык отчеттуулук функциясын киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, тиешелүү маалыматтарды салык органдарына автоматтык түрдө берүү зарылдыгын айтты.

Даниил Шулейко өлкөнүн дээрлик ар бир жетинчи тургуну «Яндекстин» кызматын колдоноорун жана бүгүнкү күндө 100 миңден ашык айдоочу «Yandex Go» платформасында акча табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин белгиледи.

Ал ошондой эле Кыргызстанда бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөнүн жана «Яндекс» өлкөдө өз кызматтарын мындан ары жакшыртууну көздөп жатканын кошумчалады.

Ата мекендик маалымат рыногу менен консультацияларды өткөрүү үчүн жасалма интеллект жана IT чөйрөсүндөгү алдыңкы россиялык адистердин тобунун өлкөгө сапарын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Эң көп окулган жаңылыктар