09:43
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Нарында айыл аймактын башчысы УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган

УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылып жаткан жеринен Нарын районунун Учкун айыл аймагынын башчысы кармалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, март айында Учкун айыл аймагындагы «Жашыл Учкун» муниципалдык ишканасында финансылык мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар алынган.

Тактап айтканда, «Жашыл Учкун» ишканасынын эки банктык эсеби бар («Доскредобанкта» негизги эсеби жана «РСК банкта» атайын эсеби), мында жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн каражаттар атайын эсепке чегерилет.

2023-жылдын август айында Учкун айыл аймагынын жооптуу адамдары жайыт төлөмдөрүн чогултуу планын аткаруу максатында негизги эсептен 260 миң сом алып, элден чогулган каражат катары атайын эсепке киргизишкен. Аталган адамдар жайыттарда ар кандай оңдоо иштерин жүргүзөбүз деген шылтоо менен 260 миң сомду негизги эсептен чыгарып салууга аракет кылышкан.

18-мартта Учкун айыл аймагынын башчысы УКМК кызматкерине текшерүү иш-чараларын токтотуу үчүн 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда кармалды.

Ал Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 20-мартта Нарын шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар