12:15
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Азия жана Океания кубогу. Кыргызстандын курамасы эки беттеште тең утулуп калды

Бишкекте кыз-келиндер арасында хоккей боюнча Азия жана Океания кубогу өтүүдө.

Хоккей федерациясы Instagram баракчасында билдиргендей, Кыргызстандын курама командасы Филиппин (4:7) жана Иран (0:6) командалары менен болгон оюнда утулуп калды.

Эскерте кетсек, турнирге беш курама катышып жатат.

Ошондой эле БАЭнин командасы Иранга 0:16, Индия БАЭге 1:2 эсебинде жеңилип калды.

Үчүнчү турдун беттештери 27-мартта өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар