00:46
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды

Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун Бойко аттуу активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылынын балансындагы жайыт жерлерди жана айрым социалдык объектилерди мыйзамсыз сатууга катыштыгы бар болгон Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Бойко каймана аты менен белгилүү болгон А.А.А. жеке материалдык пайда алуу максатында, ошондой эле башка кылмыштуу максаттарды көздөп, жогоруда аталган айыл өкмөтүнүн, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жана архитектуранын айрым кызмат адамдары менен тил табышып, алар Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн аймагындагы 500 гектарга жакын жайт жерди сатып жиберишкен», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленген жер тилкелери 10 миң долларга жана андан жогору баага сатылып, натыйжада мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Ошол эле учурда, жайыт жерилери аффилирленген жактарга таризделгени, алар кийин башка адамдарга, анын ичинде чет өлкөлүк жарандарга кайра сатылганы такталган. Түшкөн акча каражаттар турак/турак эмес жайларды куруу, ишкердик субъекттерин ачуу же сатып алуу жолу менен легалдаштырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар