19:29
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

41,6 миллион сомдук жер Бишкек мэриясынын балансына кайтарылды

Парктын аймагындагы 41,6 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууалуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Тоголок Молдо жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги 0,072 гектар жер тилкеси Бишкек шаарынын мэриясынын балансына кайтарылды.

«2008-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын айрым кызмат адамдары ишкер менен тил табышып алып, Фрунзе көчөсүндөгү муниципалдык жер тилкесин (Панфилов паркындагы жайкы кинотеатр) ар кандай оюн зоок жайларын долбоорлоо жана куруу үчүн жеке менчикке мыйзамсыз бөлүп беришкендиги аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Аталган жер тилкеси Панфилов паркынын аймагында болуп, калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жери болуп эсептелинет. Бишкек шаарынын башкы планына жана Жер кодексине ылайык, жалпы пайдалануудагы жер тилкелери жеке менчикке берилбейт.

Жер тилкеси алгачкы ээсине мыйзамсыз берилгени далилденген жана бүгүнкү күнгө чейин аталган жер бир нече жолу сатылып, акыркы менчик ээси болгон М.С.У. аттуу жаран аны муниципалдык менчикке кайтарымсыз негизде өткөрүп берди. Жердин болжолдуу баасы 41 миллион 678 миң сом.

Учурда бул фактыга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка тараптарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар