11:40
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Жыл башынан бери кызамык менен ооругандардын саны 6 миңден ашты

Жыл башынан бери кызамык оорусунун 6 миң 81 учуру катталган. Бул тууралуу брифингде Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Ал эпидемия 2023-жылы башталып, 7 миң 46 адам ооруганын белгиледи. Ооруу сезондуу болгондуктан, күз-кыш мезгилинде илдеттин жайылышы байкалган.

Гүлбара Ишенапысова кошумчалагандай, министрлер кабинетинин протоколдук тапшырмасына ылайык ооруну токтотуу боюнча иштер күчөтүлдү. Тактап айтканда, кошумча эмдөө өнөктүгү жүргүзүлүп, эмдөө календарына өзгөртүүлөр киргизилди — экинчи вакцина алуунун курагы 6 жаштан 2 жашка жылдырылды. Муфтият менен активдүү иш алып барылууда, анткени көпчүлүгү (48 пайызы) эмдөөдөн диний түшүнүктөрдөн улам баш тартышууда.

Ишенапысова кызамыкка каршы атайын дарылоо жок экенин белгиледи. Бул илдет адамдын иммунитетин алсыратат. «Кызамыкка чалдыккан балдар ооруканадан өтө начар иммунитет менен чыгарылат. Аны калыбына келтирүү үчүн бир жылдай убакыт талап кылынат жана ошол мезгилде бала инфекцияларга ачык болот», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар