19:37
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

1-апрелден тарта ЕАЭБге товарларды алымсыз ташып кирүүнүн босогосу өзгөртүлөт

2024-жылдын 1-апрелинен тарта Евразия экономикалык биримдигинде жеке колдонуу үчүн товарларды алымсыз ташып келүүнүн босогосу өзгөртүлөт. Бул жөнүндө Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы № 107 чечимине ылайык, коштолуучу жана (же) коштолбогон жүктө аба транспортунан же жөө өтүү тартибинен тышкары транспорттук каражаттар менен алынып келинген жеке колдонуу үчүн товарларга карата алымсыз ташып келүү ченемдери төмөнкүдөй өлчөмдөрдө аныкталат:

  • 2024-жылдын 1-апрелинен тартып наркы 500 евро эквивалентинен жана (же) салмагы 25 килограммдан ашпоого тийиш.

Эл аралык почта менен жана ташуучу тарабынан жеткирилген жеке колдонуу үчүн товарларга (экспресс жүк) алымсыз ташып келүү ченемдери төмөнкү өлчөмдөрдө аныкталат:

  • 2024-жылдын 1-апрелинен тартып наркы 200 евро эквивалентинен жана (же) салмагы 31 килограммдан ашпоого тийш.

Эскерте кетсек, босого 2022-жылдан тарта чет элдик интернет-дүкөндөрдөн жеке колдонуу үчүн товарга буйрутма берген жарандарды колдоо максатында убактылуу көтөрүлгөн. 2024-жылдын 1-апрелине чейин босого жүк ташуучу же почта аркылуу ташылган жүк үчүн 1 миң еврону, аба транспорту же жөө алып өтүү тартибинен башка бардык транспорт каражаттары менен алып келинген товарлар үчүн 1 миң еврону түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар