15:41
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Акылбек Жапаров Кара-Балтадагы завод жана ишканаларга барды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Балта шаарындагы «Дан» мамлекеттик ишканасына барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ал өндүрүш цехтери, инвестициялык долбоорлор жана ишкананы өнүктүрүү жана модернизациялоо пландары менен таанышты.

Белгиленгендей, толук өндүрүштүк кубаттуулукка чыгуу жана товардык продукциянын ассортиментин чыгаруу максатында ишкана тарабынан көп кабаттуу тегирмен комплексин, макарон азыктарын өндүрүү үчүн заманбап жабдууларды сатып алуу жана мал азыгын өндүрө турган жабдууларды алуу боюнча үч долбоор даярдалган.

Мындан тышкары, узак мөөнөттүү өнүгүү багытында заманбап нан заводун, кондитердик цехти, ичүүчү минералдык сууну куюучу цехти калыптандыруу, заманбап лабораториялык жабдууларды алуу бар.

Ишканада бош жана токтоп турган өндүрүштүк аянттарды калыбына келтирүү боюнча бир топ иштер жүргүзүлдү. 10 миң тонна азык-түлүк буудайды кабыл алуучу тоют цехинин имараты калыбына келтирилди. Цехти элеватор катары колдонуу пландалууда. Бүгүнкү күндө ишканада 120дан ашык адам иштейт.

Акылбек Жапаров «Кара-Балта тоо-кен комбинатына» жана «Кыргызалтын» нефтини кайра иштетүүчү заводуна барды. Ал алтынды өлчөөчү куймаларды чыгаруучу заводдун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Курулуш иштерин ушул жайда бүтүрүү пландалууда.

Ошондой эле токтоп турган молибден чыгаруучу цехтин абалы менен таанышып, Москва районундагы 100гө адам иштеген көп функционалдуу консерва заводуна барды. Мындан тышкары ошол эле райондогу керамзит чыгаруучу заводдо болду. Завод толук кандуу ишке киргенде 70 жумушчу орун түзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар