06:12
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Жеке медициналык мекемелерде томографиялык текшерүүлөрдүн баасы төмөндөтүлдү

Медициналык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда баа түзүү маселелери боюнча ири жеке медициналык мекемелердин катышуусунда жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынтыгында томографиялык текшерүүлөргө болгон бааны 20 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча бир катар ири компаниялар менен макулдашууга жетишилди. Алар:

  • «Юнит-Реактив Фарма»;
  • «Медипол»;
  • «Томэкс»;
  • «Шаншуй Силк Роуд Кейджи»;
  • «Альфа МЕД-ЛТД»;
  • «Берди»;
  • «Медипарк»;
  • «Гульмед»;
  • «Систем Озел Тыбби Йатырымлар ве Тиджарет»;
  • «Юрфа»;
  • «Авиценна»;
  • «Меди»;
  • «Веданта».

Ал эми «Кортекс» неврологиялык борбору менен 30 пайызга чейин төмөндөтүүгө макулдашылды.

УКМК лабораториялардын жана медициналык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын жөнгө салууга, ошондой эле жеке медициналык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга көмөк көрсөткөн мамлекеттик медициналык мекемелердин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталган иш-чараларды улантууда.

Эң көп окулган жаңылыктар