Эртең, 19-мартта борбордун түштүк-батыш бөлүгүндө муздак суу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкексууканал» билдирди.
Маалыматка ылайык, «Аэропорт» суу топтомосу жана шаардык суу түтүк тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу саат 9:00дөн 15:00гө чейин төмөнкү даректерге ичүүчү суу берүү токтотулат:
- Чыңгыз Айтматов проспектиси боюнча, № 93/1, 93/2, 93/3, 93/4, 93/5, 93/6;
- Токтонолиев көчөсү, 139/3, 157, 153, 153/3, 155;
- Океев көчөсү, 39/3, 39/4, 39/6, 39/7, 39/8.
«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.