08:47
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Өзбекстандан сатылып алынган автобустардын алгачкы партиясы Ошко келди

Өзбекстандан сатылып алынган автобустардын алгачкы партиясы Ошко келди. Маалыматты шаардын мэриясы тастыктады.

Белгиленгендей, автобустардын калганы Ошко 21-мартка чейин келет.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы Кыргызстан Өзбекстандан жүргүнчү ташуучу 100 автобус сатып аларын билдирген. Автобустар Самарканд автомобиль заводунда жасалат.

Автобустарды сатып алуу коомдук транспорттун автопаркын кеңейтүүгө жана модернизациялоого, жүргүнчүлөрдү ташуунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана түштүк борбордун жашоочулары, коноктору үчүн транспорттун жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга мүмкүндүк берери белгиленген.

2022-жылы Ош муниципалитети Өзбекстандан чыгарылган 50 автобус сатып алган.

Эң көп окулган жаңылыктар