17:22
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Равшан Жээнбековго таандык болгон эс алуу зонасы мамлекетке өткөрүлүп берилди

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчы Равшан Жээнбековго таандык «Эдельвейс-Тур» эс алуу жайы мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Киров суу сактагычынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 4 гектар болгон «Эдельвейс-Тур» эс алуу зонасы мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылды. Баалоо экспертизасынын корутундусуна ылайык, жеңил конструкциядагы административдик имараттары бар жер тилкесинин баасы 16 миллион 871 миң сомду түзөт.

«Белгилей кетсек, аталган жер тилкеси 2000-жылдардын аралыгында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жетекчиси болуп турган Равшан Жээнбеков менен аффилирленген жактарга мыйзамсыз берилгени аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар