21:12
USD 88.35
EUR 95.16
RUB 0.95

УКМК: мурдагы айыл чарба министри Эркинбек Чодуев кармалды

Мурдагы айыл чарба министри Эркинбек Чодуев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мурдагы министрдин коррупциялык жана алдамчылык ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар алынган.

Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Мурдагы айыл чарба министри Э.Ч. «Лиматекс пахта корпорациясы» ЖЧКсынын аткаруучу директору болуп туруп, компаниянын Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жайгашкан жалпы аянты 50 гектардан ашык жер участокторун мыйзамсыз менчиктештирүү жолу менен жеке тараптарга сатып жибергендиги аныкталган. Келтирилген зыян алдын ала 500 миллион сомго бааланууда», — деп айтылат маалыматта.

Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар