22:04
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты. Кыргызстандын курамасы Түркмөнстанды утту

Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты уланууда (үчүнчү дивизион, А тайпасы). Беттештер «УТРК-Спорт» телеканалында түз эфирден көрсөтүлүүдө.

Кечээ Кыргызстандын курама командасы Түркмөнстандын командасын 7:5 эсебинде утту.

Белгилей кетсек, Кыргызстан таиланддык атаандаштарына 9:4 эсеби менен утулуп калган. Люксембург менен болгон беттеште биздин хоккейчилер 7:3 эсебинде жеңишке жеткен.

Кыргызстандыктар 14-мартта Мексика командасы менен ойнойт.

Эскерте кетсек, турнирдин жеңүүчүсү экинчи дивизионго көтөрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар