01:57
USD 88.34
EUR 95.27
RUB 0.96

Жер ресурстары кызматынын Жалал-Абаддагы филиалынын директору кармалды

Коррупция фактысы боюнча министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары кызматынын Жалал-Абаддагы филиалынын директору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын пресс-борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, Р.Э.И. Чүй облусунун Москва районундагы жер ресурстары кызматынын филиалынын директору болуп турган учурда «жер мафиясынын» мүчөлөрү менен тил табышып алып, акчалай сыйлык алуу үчүн трансформациянын расмий жол-жобосунан өтпөгөн турак жай куруу үчүн жер тилкелерине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларга кол койгону жана бергени аныкталган. Мындан тышкары, жер операцияларына катышкандыгы жөнүндө маалыматы жок тараптарга жер тилкелерин жалган тариздөө (кайра тариздөө) фактылары аныкталган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Р.Э.И. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартууга багытталган иш-чаралар уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
13-май, дүйшөмбү