22:45
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Эртең Бишкектин үч конушунда муздак суу өчүрүлөт

Эртең, 14-мартта Бишкектин үч конушунда муздак суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ичүүчү суу «Контррезервуар» суу топтомосу жана шаардык суу түтүк тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

Саат 9:00дөн 18:00гө «Алтын- Ордо», «Кара-Жыгач», «Полицейский городок» аймагында таза суу болбойт. Ошондой эле өчүрүү аймагына Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү, темир жол кирет.

мэриянын басма сөз кызматы
Фото мэриянын басма сөз кызматы


«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт сууну эртелеп камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар