21:44
USD 87.90
EUR 95.55
RUB 0.99

Бишкекте № 145 автобус менен № 192 кичи автобустун каттам схемасы өзгөртүлдү

Бишкек шаарында № 145 автобустун жана № 192 кичи маршруттук таксисинин каттам схемасынын айрым бөлүгү өзгөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, мындай чечим шаар тургундарынын кайрылууларынын негизинде кабыл алынды.

«Мындан ары, № 145 автобус Ахунбаев көчөсү аркылуу Молдокулов көчөсүнө бурулуп, Куланак көчөсүнө чейин барат. Ал эми № 192 кичи маршруттук таксинин кыймылы Ибраимов көчөсүнөн (шаарды айланып өткөн чоң жол) «Бишкек автобекетине» чейин узарды», — деп белгиледи мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар