01:02
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Эртең Бишкектин Чыгыш бөлүгүндө муздак суу өчүрүлөт

Эртең Бишкектин Чыгыш бөлүгүндө муздак суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «ХБО» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарындагы оңдоо иштерине  байланыштуу ичүүчү суу өчүрүлөт.

Саат 9.00дөн 18:00гө чейин Анкара — Горький көчөсү, Аламедин суусу жана темир жол менен чектешкен тилкемеде, Октябр көчөсүндө муздак суу токтотулат.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ичүүчү сууну эртелеп камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар