06:42
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кызамык. Медицина кызматкерлери кошумча эмдөөнүн экинчи этабына даярданууда

Республикалык иммунопрофилактика борборунун адистери өлкөдө кызамыктын тамыр жайышына жооп катары медицина кызматкерлери үчүн окууларды өткөрө баштады.

Борбордун маалыматына ылайык, окуулар кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө өткөрүү боюнча өнөктүктүн экинчи этабына даярдык көрүүнүн алкагында уюштурулду.

Мекеме Кыргызстанда кызамык боюнча кырдаал курч экенин белгиледи. 5-мартка карата өлкөдө кызамык оорусунун 4 миң 855 учуру катталды.

Кызамык вирусу өзгөчө борбор калаада, Жалал-Абад, Чүй жана Ош облустарында күч алууда.

Тренингдер Бишкек, Чүй жана Жалал-Абад облустарында өтүп жатат.

«Калктын эмдөөгө байланыштуу маалымдуулугун кеңейтүү үчүн медициналык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу окуунун негизги максаты болуп саналат. Кызылча жана кызамык жөнүндө маалыматтар, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жөнүндө дайындар, кызылчага жана кызамыкка каршы вакцинаны колдонуу боюнча нускамалар, эмдөөгө медициналык каршы көрсөтмөлөр жана сактык чаралары жөнүндө суроолор тренингдердин программасына киргизилди. Окуу медициналык кызматкерлерге калк менен, өзгөчө эмдөөдөн өтүшү керек болгон балдардын ата-энелери менен туура байланышты түзүүгө жардам берет», — деп белгиледи борбор.

Эң көп окулган жаңылыктар