Талас райондук суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын пресс-борбору кабарлады.
Маалыматка ылайык, Коргоо министрлигинин бөлүктөрүнүн биринин К.А.Ж. аттуу аскер кызматкери Талас райондук суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары менен тил табышып алып, 2020-жылдын май айынан тарта 2023-жылдын ноябрына чейин башкармалыктын кызматкери катары эмгек акыны мыйзамсыз алып, мамлекеттин бюджетине зыян келтирип келген.
Бул факты боюнча кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыш иши козголуп, Талас РСЧБнын мурдагы жетекчилери А.Д.С., Н.Н.Р. жана башка кызматкерлер тергөө иштерин жүргүзүү үчүн УКМКга жеткирилди.
«Учурда келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана тиешелүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда», — деп айтылат маалыматта.