14:24
USD 85.80
EUR 93.14
RUB 0.88

Чүй облусунун Москва районунда «жер мафиясынын» мүчөлөрү кармалды

Коррупция фактысы боюнча Чүй облусунун Москва районунда «жер мафиясынын» мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Москва филиалынын жер кадастры бөлүмүнүн башчысы Ж.Р., Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн жер адиси Х.Ж., Александровка жана Беловодск айыл өкмөттөрүнүн экс-башчысы К.Д.Ш., Александровка айыл өкмөтүнүн экс-башчысы Б.И.Ю. жана Александровка айылдык кеңешинин экс-спикери К.С. кармалды.

«Алар акчалай сый акы үчүн жер комиссиясынын жалган протоколунун жана «Жерлерди трансформациялоо жөнүндө» айылдык кеңештин токтомунун негизинде жалпы аянты 22,3 гектарды түзгөн Александровка айылында жайгашкан 30дан ашык жер участокторун жеке жактарга беришкен», — деп белгиледи УКМК.

Ошол эле учурда, кызыктар тараптарга жер участокторун берүү максатын көздөп, Александровка айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерине муктаж жарандардын кезек күтүү журналын жасалмалашкан.

Мындан тышкары, милдеттүү жер төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында айыл-чарба жерлерин жасалма адамдарга ижарага берүү жөнүндө жалган келишимдерди түзүү, ошондой эле жерлердин категориясын (сугаттан кайрак жерге) атайылап которуу үчүн аукциондорду формалдуу өткөрүү фактылары аныкталды.

«Натыйжада, бул адамдар мыйзамсыз аракеттери менен 200 гектардан ашык айыл чарба жерлерин, сарайларды, ошондой эле Бишкек шаарынын элиталык турак жайларындагы кыймылсыз мүлктөрдү ээлеп алышкан», — деп жазылган маалыматта.

Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча козголгон кылмыш иши козголгон.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына жана Жазаларды аткаруу кызматынын № 21 мекемесине киргизилди.

Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана мыйзамсыз алынган жерлерди мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар