16:59
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ушу боюнча кыз-келиндер курамасы Москвада өткөн турнирде алтын медаль алышты

Кыргызстандын салттуу ушу боюнча кыз-келиндер курамасы Орусиянын борборунда өткөн «Московские звезды ушу — 2024» эл аралык турнирине катышты. Бул тууралуу Ушу федерациясынан билдиришти.

Кыздар тогуз алтын, алты күмүш жана төрт коло медалга ээ болушту.

Москвадагы мелдешке Кыргызстан, Кытай, Россия, Индия, Индонезия, Казакстан, Египет, Беларус жана башка өлкөлөрдөн миңден ашуун спортчулар катышты.

Эң көп окулган жаңылыктар