03:20
USD 88.02
EUR 95.49
RUB 0.97

№ 12 автобус каттамынын кыймыл схемасы жарым-жартылай өзгөрдү

7-марттан тартып «ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу» жоопкерчилиги чектелген коому тейлеген № 12 автобус каттамынын кыймыл схемасы жарым-жартылай өзгөрөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы каттам боюнча 12-автобус Каралаев жана Ахунбаев көчөлөрү аркылуу 7-апрель көчөсүнө чыгып, андан ары эски схема менен Арашан айылына барат. Аталган каттамга күнүгө 20 автобус чыгат.

мэриянын басма сөз кызматы
Фото мэриянын басма сөз кызматы

Мэрия мындай өзгөрүү шаардын коомдук транспорт тармагын оптималдаштыруунун алкагында болгонун белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар