USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Нарында милициянын тергөөчүсү жана прокурор коррупцияга шектелип кармалды

17:47, 06 марта 2024, Бишкек - 24.kg

Нарында прокуратура кызматкери жана милициянын тергөөчүсү пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун прокурору М. С. жана ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Э. Н. арыз ээсинин кылмыш ишин оң тарапка чечүү үчүн андан пара талап кылышкан.

Кылмыш иши козголуп, 100 миң сом пара алып жаткан жеринен тергөөчү кармалды.

Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Мыйзамда белгиленген мөөнөттө аларга айып тагылып, бөгөт коюу чарасын тандоо маселеси чечилет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика