07:49
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

УКМК: Өзгөн районундагы базар 5 гектар жери менен мамлекетке кайтарылды

Ош облусунун Өзгөн районундагы дээрлик жарым миллиард сомдук базар 5 гектар жери менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жана тергөө амалдары жүргүзүлүп, натыйжада Өзгөн районунда иштеп жаткан базардын 5 гектар жер тилкеси жана 1 миң чарчы метр административдик имараты ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Аталган объекттинин базар баасы 470 миллион сомду түзөт», — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото УКМКнын басма сөз кызматы

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби