02:37
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттары күнү-түнү иштей баштады

1-марттан баштап «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттары күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

«Торугарт» жана «Эркечтам» бажы пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

«Торугарт» өткөрүү пунктунда бүгүнкү күндө «Торугарт-2» комплексинин административдик имараты реконструкцияланып, алты жол тилкеси курулуп, жабык, жылууланган ангарлар орнотулду, анда бир эле учурда алты унаага карата бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар», — деп билдирди мекеме.

Андан сырткары, тышкы сооданы өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнүн алкагында бажы процесстерин жана бажы контролун автоматташтыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Ачык-айкын эсепке алууну камсыз кылуу үчүн «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттарында мамлекеттик номурларды окуу үчүн камералар орнотулуп, борборлоштурулган мониторинг жүргүзүүнүн аппараттык-программалык тутумдарын интеграциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

«Өткөрүү пункттарында бизнес-процесстерди оптималдаштыруу максатында «Санарип тамга» долбоору пилоттук режимде ишке киргизилди, анын ичинде алдын ала маалыматтарды берүү үчүн жаңы портал, ошондой эле чек арада контролдоочу органдардын өз ара аракеттенүүсү үчүн маалыматтык тутум иштей баштады. «Санарип тамга» долбоору тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары тарабынан берилген алдын ала маалыматты контролдоочу органдар менен ыкчам алмашууга, ошондой эле товарлар өткөрүү пунктуна келгенге чейин контролдун формаларын жана түрлөрүн колдонуу боюнча чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет жана чек ара контролун жүргүзүү боюнча функциялардын кайталанышын жоюну караштырган «Бир терезе» механизмин, «Бир токтоо» принцибин ишке киргизет», — деп кошумчалады мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар