USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Бишкекте пара алып жаткан жеринен милициянын подполковниги кармалды

13:14, 01 марта 2024, Бишкек - 24.kg

Опузалап пара алуу фактысы боюнча Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-февралда УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында талап кылынган 20 миң доллардын 4 миң долларын алып жатканда ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери, милициянын подполковниги К.М. жана дагы С.У., Т.А. аттуу жарандар кармалган.

Аталган шектүүлөр «алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгойбуз» деп коркутуп, унааны кайтарып берүү үчүн акча талап кылгандыгы аныкталды. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика