12:26
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

УКМК жер мафиясынын мүчөсү катары беш аткаминерди кармады

УКМК 2010-2021-жылдар аралыгында мамлекеттик жана муниципалдык жер участокторун жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып кетүү менен алектенген кылмыштуу топтун коррупциялык ишине бөгөт койду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыштуу топко жергиликтүү бийлик органдарынын, соттун, кадастрдын, архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын кызмат адамдары кирген.

«Жер мафиясынын» катышуучулары мамлекеттик жана муниципалдык бош жер участокторун аныктап, аларды жасалма укук белгилөөчү документтердин негизинде соттун чечими менен легалдаштыруу жолу аркылуу жеке менчикке өткөрүп бергендиги аныкталды. Тактап айтканда, мындай аракеттер аркылуу болжолдуу базар баасы 52 миллион сомдон ашык болгон 58 гектарга жакын айыл чарба багытындагы жер тилкелери мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаары жана Ысык-Көл облусу боюнча «жер мафиясынын» мүчөсү делген 13 адамдын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында беш жооптуу кызматкер кармалып, Каракол ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмыштуу чөйрөнүн калган сегиз мүчөсүнүн аракетине тиешелүү юридикалык баа берилет.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар