USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

УКМК: Ысык-Көлдө майнинг-ферма электр тармактарына мыйзамсыз кошулган

14:58, 28 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунда майнинг-фермасын электр тармактарына мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК Каракол райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте электр тармактарына мыйзамсыз кошулган майнинг-ферманы аныктады.

«Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринде электр тармактарына мыйзамсыз кошулуп, электр энергиясын уурдоо менен майнинг-фермасы түзүлгөн. Криптовалютаны чыгаруу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттер уюштурулган. Тинтүү учурунда үйдүн кампасынан криптовалютаны иштетүү үчүн 12 даана жабдуулар табылып алынды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда келтирилген зыянды эсептөө иштери жүрүп жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика