01:33
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз ээлеп алган уюшкан кылмыштуу топ аныкталды

Кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз ээлеп алган уюшкан кылмыштуу топ аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, О.Ж.К. жана Д.Д.Н. аттуу жарандардын жетекчилиги астындагы топ тийиштүү уруксат берүүчү документтери жок туруп, өлкө жарандарына жогорулатылган үстөк пайыздары менен (жылына 60 пайыздан 120 пайызга чейин) оор шарттарда накталай кредиттерди берүү боюнча иш-чараларды уюштуруп, натыйжада карыз алуучулар кыймылсыз мүлктөрүн күрөөгө коюп, жыйынтыгында алардан ажырап калышкан.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында алар пара алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган топтун мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен башка жарандарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума