Мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкекте мыйзамсыз оюндарды уюштурган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, республиканын аймагында тиешелүү лицензиясы жок оюндарды уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынган.
«Бир топ адамдар Telegram тиркемеси аркылуу маал-маалы менен мыйзамсыз оюндарды уюштуруп, алар үчүн ар кандай коомдук жерлерден (кафе, оюн-зоок борборлору жана башка) жайларды ижарага алышкан», — деп айтылат маалыматта.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын аймагында тинтүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында 48 адам кармалып, алардын арасында мыйзамсыз кумар оюндарынын уюштуруучулары жана катышуучулары да суралды.
Кылмыштуу топтун уюштуруучусу УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.