17:30
USD 87.45
EUR 102.43
RUB 1.09

Жыл башынан бери Кыргызстанда кызылча оорусунун 3,5 миңден ашык учуру катталды

Жыл башынан бери Кыргызстанда кызылча оорусунун 3 миң 570 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, вирустун активдүү циркуляциясы Бишкек, Чүй, ошондой эле Жалал-Абад облустарында байкалууда.

Оорунун көбөйүшүнүн негизги себеби — балдар жана чоңдор арасында кызамык жана кызылчага каршы пландык иммунизациядан баш тарткандар көп болууда.

Белгилей кетсек, 2023-жылы кызылчанын 7 миң 46 учуру жана жаш балдар арасында 9 өлүм катталган. 1 жаштан 18 жашка чейин 8 бала жана беш айлык наристе чарчап калган.

Эң көп окулган жаңылыктар