USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Өлкөдө кызылча оорусу жайылууда

11:52, 17 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Өлкөдө кызылча оорусу жайылууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жыл башынан бери Кыргызстанда кызылча менен ооругандардын 323 учуру катталды. Негизинен Бишкек жана Чүй облусунун аймактарында кеңири таралууда.

«Жугуштуу оору менен жабыркагандардын 43 пайызын бир жашка толо элек ымыркайлар түзөт. 17, 6 пайызы эмдөөдөн баш тарткандар. Орусиядан келген жарандар менен байланышта болгон балдар ооруп калышууда», — деп билдиришти министрликтен.

Эске салсак, инфекция аба аркылуу жугат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18