22:58
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Абдыш-Ата» клубу Москванын «Спартак» командасы менен ойнойт

Канттын «Абдыш-Ата» футболдук клубу Бириккен Араб Эмиратында жаңы сезонго даярданууда. Бул тууралуу клубдун социалдык тармактагы баракчасында кабарланды.

Кыргызстандын чемпиону Москванын «Спартак» жана «Родина» клубдары, «Аркадаг» (Түркмөнстан) жана «Дубай Сити» (БАЭ) командаларына каршы төрт контролдук беттеш өткөрөт.

Белгилей кетсек, «Абдыш-Ата» 6-мартта Бишкекте АФК Кубогунун чейрек финалдык баскычындагы Кытай Тайбэйинин «Тайчунг Футуро» клубу менен алгачкы беттешин өткөрөт.

Эң көп окулган жаңылыктар