02:10
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Новопавловка коммуналдык ишканасынын» мурдагы жетекчиси кармалды

Чүй облусунун Сокулук районундагы «Новопавловка коммуналдык ишканасы» муниципалдык ишканасынын мурдагы жетекчиси тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкананын мурдагы жетекчиси Новопавловка айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп, жергиликтүү бюджеттин каражатын өзүлөрүнө ыйгарып алуу боюнча коррупциялык схема түзгөн.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото УКМКнын басма сөз кызматы

Аталган коррупциялык схемада айрым ЖЧКлар менен курулуш жана электр монтаждоо иштерин аткаруу, курулушка керек болгон материалдарды жеткирүү сыяктуу жалган келишимдер түзүлгөн. ЖЧКлар акча каражаттарын накталай берип, бирок иш жүзүндө курулуш иштери «Новопавловка коммуналдык ишканасынын» жумушчулары тарабынан аткарылып, ошол эле учурда накталай акчанын 10 пайызы ЖЧКнын жетекчилерине акчаны адалдоо боюнча кызмат көрсөтүү үчүн которулган.

Ошондой эле ишкерлер менен мамлекеттик ишкананын ортосунда түзүлгөн келишимдерде, аткарылган иштердин актыларында жана кассалык-чыгаша ордерлеринде жасалма кол коюу фактылары болгон.

 Аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгында 90 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталган.

Кылмыш жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.

«Новопавловка коммуналдык ишканасынын» мурдагы жетекчиси УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар