00:07
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сузак районунда 2015-жылы жасалган адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды

Сузак районунда 2015-жылы жасалган адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 3-сентябрында Сузак районунун Кыр-Жол айылында зомбулуктун белгилери менен жансыз дене табылган. Бул фактынын негизинде Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголгон.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото УКМКнын басма сөз кызматы

«Бирок бул кылмыштын бетин ачууда ички иштер башкармалыгы тарабынан сегиз жылдан ашык убакыттан бери жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларында конкреттүү жыйынтык болгон эмес. Бул ишке байланыштуу өлтүрүлгөн адамдын жакын туугандары УКМКнын төрагасына кылмышты жасаган адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүп берүү боюнча өтүнүч арызы менен кайрылган», — деп айтылат маалыматта.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүргүзүүдө шектүү катары маркумдун айылдашы кармалды. Ал мас абалында жана жеке кастыктын негизинде өлтүргөндүгүн мойнуна алган.

Эң көп окулган жаңылыктар