15:49
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкектеги жаңы аялдамадан сыналгыны уурдап кетишкен

Бишкек шаарында жаңы форматтагы аялдамадан сыналгы уурдалды. Бул тууралуу мэрияынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан аялдамадан эшикти сындырып, сыналгыны уурдап кетишкен.

Учурда бул маселе укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө.

Буга чейин Бишкек башкы архитектура мекемеси жаңы аялдама комплекстеринин эскиздик долбоорлорун бекитип, алар эки типте болорун билдирген. Бири 10-12 метр, ал эми экинчиси чоңураак жана алар магистралдар менен проспектилерге орнотулат.

 Шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна ыңгайлуу болушу үчүн аялдамаларда жылытуу жана кондиционер системасы, ошондой эле бекер wi-fi каралган. Коомдук транспорттун каттамдары көрсөтүлгөн стенддер дагы пайда болот. 

Эң көп окулган жаңылыктар