07:51
USD 89.43
EUR 97.09
RUB 0.97

Бишкек башкы архитектура жаңы аялдамалардын эскиздерин бекитти

Борбор калаанын башкы архитектору Урмат Карыбаев жаңы аялдама комплекстеринин эскиздик долбоорлорун бекитти. Бул тууралуу Бишкек башкы архитектура мекемеси билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна ыңгайлуу болушу үчүн аялдамаларда жылытуу жана кондиционер системасы, ошондой эле бекер wi-fi карлаган. Коомдук транспорттун каттамдары көрсөтүлгөн стенддер дагы пайда болот.

 Аялдамалар эки типте болот: бири 10-12 метр, экинчиси чоңураак, алар магистралдарга жана проспектилерге орнотулат.

«Бекитилген долбоорго ылайык аялдама курууну каалагандар консультация алуу үчүн Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлк департаментине кайрылса болот», — деп билдирди мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар